• 87
  • 90.64
  • 0.85

Ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү керек – Темир Сариев

Экономика 0

Бишкек, 01.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстанда катталган ишкерлердин жалпы санынын 40 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Айымдардын IV эл аралык бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, коомдо ар түрдүү стереотиптер бар, “аялдар балдарды карап үйдө отурсун, аялдын орду үйдө” деп айтылган сөздөрдөн аялдардын өнүгүүсү, эркиндиги чектелип калууда.

“Кыргызстан өнүгүү жолунда бир топ кыйынчылыктарды башынан кечирди. Завод, фабрикалар токтоп, талкаланып, жумушсуздуктун айынан көптөгөн айымдарыбыз үйдө ишсиз отуруп калган учурлар да болгон. Ошондо аялдарды ишкердикке тартуу боюнча атайын программа башталган. Бүгүнкү форумдун өзөгү да ошондо, аялдарды ишкердикке тартуу, ишкерлик менен алектенгендерге көмөк көрсөтүү. Аялдар конгресси ушул багытта аялдардын кылган ишин элге таанытып, көмөк көрсөтүп, аларды ушундай бир аянтчага чогултуп, бири-бири менен тааныштырып чоң иштерди аткарууда”,- деди Сариев.

Белгилей кетсек, Айымдардын IV эл аралык бизнес-форуму ишкердик чөйрөсүндө жаңы байланыштарды түзгөн өзүнчө бир маанилүү аянтча. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкер айымдар өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишкерликтин багыттары, каржылоо булактарын табуу боюнча бири-бири менен пикир алмашууда.

“Ушундай форумдарга ар түрдүү фонддор, банкттар келип, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча ар кандай программаларды сунушташат. Эң негизгиси биз айымдар башкарган ишканаларды, алар өндүргөн буюмдарды элге таанытып, жеткизишибиз керек. Ушундай форумдар айымдардын ишкердик багытындагы ички потенциалды ачып, жаңы идеялардын жаралышына түрткү болот”,- деди Темир Сариев.

Эскерте кетсек, борбор калаада 10го жакын өлкөнүн ишкер айымдары катышкан аялдардын IV эл аралык бизнес-форуму болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий