Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Кыргызстандын юристтери Ассоциациясы коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Сыргак Арзыматов өз докладында белгилегендей, “Аталган Жарлыкты керектүү жана өз убагында кабыл алынды деп эсептейбиз. Биздин юристтер Ассоциациясы Бизнес ассоциациясы менен биргеликте бул жарлыктын үстүндө иштеди. Тема ишкерлер үчүн да, юристтер үчүн да актуалдуу. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана сот органдарынын укукту колдонуу практикасы маселелери акыркы учурда көңүл жубатарлык эмес. Бизнес-коомчулук ар дайым укук коргоо органдарынын ишкерлерге болгон кысымы жөнүндө айтып келишет. Биздин көз карашыбыз боюнча бул жерде эки аспект бар. Биринчиси мыйзамдардын жеткиликтүү иштелбегендигине байланыштуу. Кыргыз Республикасы жаңы кодекстерди кабыл алгандан кийин укук мыйзамдарын гумандаштырууга ири кадамдарды жасаган, бирок бир топ маселелер калып калган. Биринчи кезекте кеп экономикалык кылмыштуулукту декриминалдаштыруу жаатында мындан аркы иштердин зарылдыгы тууралуу жүрүп жатат. Жаңы кодекстин бир катар жоболору практика жүзүндө иштөөсү үчүн тактоолорду талап кылат. Бирок ишкердик жүргүзүүгө байланыштуу экономикалык иштерди кароо жана иликтөөдө укук коргоо жана сот органдарынын укукту колдонуу практикасы негизги маселе болуп эсептелет”.
Арзыматовдун айтымында, кеңири анализделе турган конкреттүү мисал бар. Кыргызстандын юристтери Ассоциациясы коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы белгилегендей, “мисалга, күрөөнү алып көрөлү. Күрөөнү колдонуунун бардык тартиби КЖКнын 114-беренесинде чагылдырылгандыгына карабастан, иш жүзүндө күрөө түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулбайт. Ага карабай келтирилген зыянды төлөп берүүгө же күнөөлүнүн жоголуп кетүүсүнө байланыштуу көптөгөн тобокелдиктерди чече алат. Сот жана тергөө органдары үчүн күрөөнүн артыкчылыктары белгилүү, анткени келтирилген зыянды төлөп берүү акча менен гана кепилденет. Күрөөнүн укукту колдонуу практикасынын жоктугунун себептерине анализ жүргүзүп көрүү керек. Балким ал өтө эле татаал болушу мүмкүн, балким тергөөчүлөр же судьялар ага убактысын короткусу келбейт чыгар. Ал эми чыныгы жарлык өкмөткө ушундай чараларды ишке ашыруу боюнча жумушчу тобун түзүүнү сунуштайт. Соттор көпчүлүк учурда эркиндикти чектөөгө байланыштуу чараларды колдонушат. Муну менен ишкер кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт”, – дейт Арзыматов.
Бул дагы бардыгы эмес. Кыргызстандын юристтери Ассоциациясы коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы, “криминалдардын акча талап кылуусунан жана укук коргоо органдарынын өздөрү тарабынан Тергөө абагына түшүп калуу тобокелдиги жогору болгондуктан ишкер андан качуу үчүн (анын ичинде күнөөнү моюнуна алуу жана келтирилген чыгымды төлөө) бардык кадамдарга барууга даяр.
Ошентип, эркиндиктен ажырап калуу коркунучу ишкердин жүрүм-турумуна таасир этип, өзүн коргоого болгон укугун чектейт.
Биздин соттор тигил же бул баш коргоо чарасын колдонуу тууралуу өтүнүчтү кароодо аталган өтүнүчтүн мыйзамдуулугуна гана көңүл бурушат, бирок бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө жана ишкерлерге карата да катуу чараларды көрүүнүн ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүнө да көңүл бурушу керек. Бул компаниянын беделине кандай таасир этет, канча жумушчу жабыр тартат, өлкөнүн казынасы канча салыктан куру калат, өлкөнүн инвестициялык абалына кандай таасир этет деп өздөрүнө суроо бериши керек”.
Президент кол койгон Жарлыктын алкагында дагы эмнелерди белгилеп кетүүгө болот?
“Мындан тышкары, маанилүү маселелердин бири – кылмыш ишинин алкагында жана үчүнчү тараптын арыздануусу боюнча укук коргоо органдарынын ишкерлерге текшерүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү. Ишкерлердин укугун жана кызыкчылыгын негизсиз текшерүүлөрдөн коргогон мыйзамдар, атап айтканда, “Текшерүүлөр жөнүндө мыйзам” бул жерде иштебейт, анткени ыйгарым укуктуу органдар КРнын укук-процессуалдык кодексин жетекчиликке алып, ченемдик укуктук актылардын юридикалык күчүнүн иерархиясы боюнча кодекстер мыйзамдарга караганда жогору турат. Натыйжада бул иш жүзүндө укук коргоо органдарынын ишкерлерди чектөөсүз текшерүүлөрүнө, кээ бир кара санатай адамдардын мыйзам бузуулар тууралуу көптөгөн негизсиз билдирүүлөрү менен компаниянын ишмердүүлүгүнө жолтоо болуусуна алып келет”, - дейт Арзыматов.
Теманы улай башкармалыктын төрагасы укук коргоо органдарынын өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө баа берүүсүн түп тамырынан өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.
“Мисалы, эгер 2018-жылы орган тарабынан кылмыштуулуктун белгилүү бир түрү боюнча 100 факты аныкталган болсо, 2019-жылы 200 факт аныкталган болот, бардыгы бул орган “азамат”, “жакшы иштеп жатат” деп ойлошот. Чындыгында бул жакшы эмес, анализ жасалбайт, “Эмнеге аталган түрү боюнча өтө көп кылмыш жасалып жатат?” деген суроо берилбейт. “Эмне үчүн тигил же бул орган ушундай фактыларды жок кылуу боюнча күрөшпөйт?” Мындай кылмыштуулуктун көбөйүп жатканынын себеби аныкталбай. Анткени мындай иштерди алдын алуу жана себептерин аныктоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан алгылыктуу аналитикалык иштер жүргүзүлбөйт. Укук коргоо органдарында алдында мыйзам бузгандардын баарын түрмөгө отургузуу эмес, ушундай фактыларды азайтуу үчүн шарттарды түзүү боюнча милдет болушу керек. Бийлик өкүлдөрүндө бизнесмендер тарабынан өз каалоолору менен эмес, же мыйзамдын талаптарын билбегендиктен ушундай мыйзам бузуулар болуп жаткандыгы тууралуу түшүнүү болуш керек. Ишкердин тигил же бул мыйзам бузуу аракетине алып келген шарттар менен күрөшүү абзел. Бул жарлык бизнес коомчулукту жана инвестициялык климатты жакшыртууга алып келген локомотив болот деп ойлойм. Эң башкысы жарлыктын өз убагында аткарылып, туура багытта бара жатканына көзөмөл жүргүзүү зарыл”,- деп кошумчалады өз сөзүндө Арзыматов.
Пикир
Оставить комментарий