• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ЖК "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева жана Элдар Абакиров демилгелеген.

Демилгечилердин бири, депутат Камила Талиева бул мыйзам долбоорунун максаты жана милдети аялдардын ишкердигине мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансыга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасында аялдардын иш менен камсыз болуусун жогорулатуу максатында шарттарды түзүү үчүн «аялдар ишкердиги» деген мыйзамдык аныктаманы киргизүү экенин баса белгиледи.

"Көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы аялдардын ишкердигин мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Ал үчүн өлкөдө «аялдардын ишкердиги» деген терминди бирдей чечмелөө керек", - деди Камила Талиева.

Пикир

Оставить комментарий