Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр демилгеленди

Президент 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын долбоорун демилгеледи.

Аталган мыйзамдын долбоорунун концепциясы Кыргызстанда экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган.

КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана КРКылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Алсак, КР Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 338 (1) -берене менен толукталып жатат.

Мындан сырткары, мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп жаткандыгына байланыштуу КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесинде көрсөтүлгөн айып пулдун өлчөмүн 100 эсептик көрсөткүчтөн 150 эсептик көрсөткүчкө көбөйтүү сунушталууда.

Ошону менен бирге ишкерлерди камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын негизсиз колдонуудан коргоо максатында Мыйзам долбоору менен ишкерлерге карата КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын (электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы) колдонуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий