• 87
  • 90.41
  • 0.84

Иске ууланган адамга кандай жардам көрсөтүү керек? ӨКМден кеңеш

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иске уулануу өмүргө өтө кооптуу экенин эскертип, анын алдын алуу жолдорун түшүндүрдү. Ошондой эле иске ууланган адамга биринчи жардам көрсөтүүдө эске ала турган эрежелерди тизмектеди.

Иске уулануунун себептери. Адамдар автоунаадан чыккан газдан, турмуш-тиричилик газ буюмдарынын иштен чыгуусунан иске ууланышы мүмкүн. Көп учурда ууланууга мештердеги жылытуу эрежелеринин бузулушу, эшигинин жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши, андагы жаракалар да кырсыктарга себеп болот.

Адамдын иске ууланганын кантип билсе болот? Кишинин организмине кирген истин (көмүртек кычкылы) көлөмүнө жараша уулануун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат. Уулуу көмүртек кычкылынын түсү жана жыты жок болот.

Уулануунун белгилери. Иске ууланганда баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл пайда болот, адам кусат, эсинен танат. Айрым убакта өлүмгө алып келет.

Иске ууланган адамга биринчи жардам көрсөтүүдө эске алчу эрежелер:
- аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү беткапты колдонуу;
- бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;
-жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу;
- адамдын акыл-эси жайында болсо, таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, ингаляция жасоо;
- жабырлануучу эс-учун жоготсо, “тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий