• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Исламабадда ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистандын Исламабад шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйынына катышууда.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф тосуп алды. Андан соң ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпы делегация башчылары сүрөткө түшүштү.

Жыйында Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, ШКУнун алкагындагы кызматташуу жана уюмдун натыйжалуулугун арттыруу боюнча Кыргыз Республикасынын сунуштарын билдирет.

Жыйынтыгында бир катар маанилүү документтер кабыл алынаары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Исламабад шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйынына Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын өкмөт башчылары жана делегация башчылары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий