• 87
  • 90.41
  • 0.84

Исмаилова 2021-2025-жылдарга Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасынын долбоору боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасынын долбоорун талкулоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Джуматаев, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын жаңы долбоору боюнча кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү маселеси учурдун актуалдуу талабы болуп саналат.

«Жалпыбызга маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаӊыланган сапаттуу программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген. Бул багытта бир катар кадамдар жасалып жатат, ошол эле учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү, телеберүүдөгү мамлекеттик тилдеги маалыматтык контентти өндүрүү сапатын жакшыртуу үчүн санариптик технологияны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, мектептерде кыргыз тили сабактарынын санын көбөйтүү маселесине басым жасалышы тийиш” – деп билдирди вице-премьер-министр.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын аткарылышын талдоого алып, 2021-2025-жылдарга өнүктүрүү программасынын долбоорун жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий