Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында 60тан ашуун адамдын өмүрүн алган мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Белгиленгендей, Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн кыргыз жарандары менен байланышта.
Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Испанияда жүргөн кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.
Пикир
Оставить комментарий