• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Испаниядагы суу ташкын кеминде 150 кишинин өмүрүн алды

Дүйнө 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Испанияда өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө болгон суу ташкыны кеминде 150 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу "ТАСС" маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 31-октябрь, бейшемби күнү түштөн кийин куткаруу кызматтары каза болгондордун 158инин сөөгүн табышкан. Валенсия аймагында эле кеминде 155 адам кырсыктын курмандыгы болуп, куткаруучулар аман калгандарды издөөнү улантышууда.

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблестин айтымында көптөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда.

"Куткаруу иштерине өрт өчүрүүчүлөр, милиция кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен тышкары 1200дөн ашуун жоокер катышууда. Издөө иштеринде дрондор колдонулат", - деди ал.

Ошондой эле Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Валенсия менен Кастеллондун тургундарын үйдө калууга жана куткаруучулардын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий