• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

“IT`деги кыздар”: Wildberries кыргызстандык 30 кызды дизайн боюнча окутту

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Бишкекте "IT`деги кыздар" долбоорунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Wildberries компаниясы тарабынан ишке ашырылган долбоорго “Эне-балага тирек” коомдук фонду, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы жана Билим берүү жана илим министрлиги колдоо көрсөттү.

“IT`деги кыздар” социалдык долбоору Кыргызстандын аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган жана өлкөдөгү кыз-келиндердин заманбап санариптик кесиптерди тез арада баштап кетүүсү үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү билим алуусуна жардам берет.

Мамлекеттик өнөктөштөр менен биргеликте пилоттук долбоорго катышуу үчүн Кыргызстандын 7 облусундагы кесиптик лицейлерден 30 кыз тандалып алынган. Окутуу 2024-жылдын жай мезгилинде Wildberries компаниясынын арт-директору Дмитрий Матвеевдин координациясында жана дизайн, кадрлар боюнча компаниянын эксперттеринин катышуусунда өткөрүлгөн.

Сыйлоо аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, “Эне-балага тирек” коомдук фондунун директорунун орун басары Гүлзат Мурзаканова, “Кыргыз почтасы” ишканасынын башкы директору Марат Черикчиев жана Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик чөйрөсүнүн саясаты башкармалыгынын жетекчиси Муса Катаганов, Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы директору Ксения Школьникова жана “IT`деги кыздар” долбоорунун Кыргызстандагы жетекчиси Ольга Ниязалиева катышты.

Расул Абазбек уулу белгилегендей, билим берүү системасы адамды тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөгө даярдашы керек. Кошумча көндүмдөрдү үйрөнүү жана санариптештирүү Кыргыз Республикасынын 2024-2026-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына киргизилген. “Мындай долбоорлорго катышуу биздин жаштарга адистерден суроо-талапка ээ болгон көндүмдөрдү алып гана тим болбостон, өзүнө ишенимдүү болуп, өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – деди ал.

Долбоордун жеңүүчүлөрү бүтүрүү иштерин ийгиликтүү тапшырышып, сертификаттар жана белектер менен сыйланышты. 30 катышуучунун бардыгы кесиптик көндүмдөрүн ишке ашырууга жана кийинки окууларына жардам берүү үчүн ноутбуктар жана баалуу белектерге ээ болушту. Мындан тышкары, курстун бүтүрүүчүлөрүнүн бардыгы Wildberries компаниясынын өнөктөштөрүнө товар карточкаларын түзүү, социалдык тармактардагы баракчаларды иштеп чыгуу жана дизайн маселелерин чечүү боюнча баштапкы адис катары сунушталды.

“Биз ар дайым өлкөбүздө “IT`деги кыздар” сыяктуу долбоорлорду колдоого жана өнүктүрүүгө даярбыз. Айрыкча электрондук платформалардын популярдуулугунан жана интернет технологияларынын өнүгүшүнөн улам бүгүнкү күндө сапаттуу жана жеткиликтүү билим ар дайыма суроо-талапка ээ”, – деди “Эне-балага тирек” коомдук фондунун директорунун орун басары Гүлзат Мурзаканова.

“Кыргыз почтасынын” башкы директору Марат Черикчиев Wildberries менен түзүлгөн өнөктөштүк Кыргызстандын ишкерлери жана жаш адистери үчүн маанилүүлүгүн айтып өттү. “Биз кызыгуулары жаралган жаштарды көрүп жатабыз, алар бүгүн жаңы нерселерди үйрөнүп, талап кылынган адис болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек. Сиздер дүйнөлүк электрондук соода дүйнөсүндө кичинекей кадам жасадыңар”, - деп кошумчалады Марат Черикчиев.

“Биз бизнес демилгелерин гана эмес, ошондой эле социалдык долбоорлорду да ишке ашырууга кубанычтабыз. Биздин платформа жергиликтүү ишкерлердин жана IT, дизайн жана электрондук коммерция жаатындагы жаш адистердин өсүүсү жана кесиптик өнүгүүсү үчүн аянтча болуп саналат. Социалдык мааниси бар долбоорду ишке ашырууга жардам көрсөткөн өкмөттүк органдарга бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Биз Кыргызстанда жана биздин иш алып барган башка өлкөлөрдө жаш адистерди колдоону улантууну пландап жатабыз”, – деп белгиледи Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким видео кайрылуусунда.

Wildberries өлкөдө 2017-жылдан бери иш алып барып, жергиликтүү бизнес менен тыгыз кызматташып келет. Учурда ишкерлер үчүн ар кандай билим берүү семинарларын өткөрүп, өнөктөштөр жана кардарлар үчүн кызматтарды өнүктүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий