• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Италияда биринчи жолу соккон жүрөктү алмаштыруу операциясы жасалды

Дүйнө 0

Бишкек, 13.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Италияда биринчи жолу соккон жүрөктү алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Россиянын “Риа новости” маалымат агенттиги жазды.

Оорукананын кардиохирургдарынын айтымында, согуп турган жүрөктү трансплантациялоодо анын функциялары тезирээк калыбына келет. Мындан тышкары, токтоп турган жүрөккө караганда, согуп турган жүрөктүн трансплантациялоодон соң дароо иштеп кетүү ыктымалдыгы жогору.

“Операция эки жума мурун 65 жаштагы кишиге жасалган. Бүгүнкү күндө бейтаптын ден соолугу жакшы жана ооруканадан чыгууга даяр. Бул операция салттуу трансплантациядан айырмаланып, жүрөк согуп турганда алынып, алмаштырылат. Болгону аны кыймылдатпоо кажет. Бул учурда ал согууну улантат, ошондуктан операциянын жүрүшү жүрөктүн согуусу менен жасалды”,-деп белгилешкен дарыгерлер.

Ошондой эле, дарыгерлер мындай трансплантация кардиохирургия дүйнөсүндө чыныгы революция экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий