• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ИУА венчурдук каржылоо чөйрөсүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги (ИУА) Эл аралык финансы корпорациясы (IFC), АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Accelerate Prosperity коомдук фонду менен биргеликте "Венчурдук каржылоо жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымына караганда, дүйнө күн сайын тездик менен өзгөрүп жатат жана заманбап экономика инновациялык технологиялар маанилүү инстурмент.

"Тилекке каршы, буга чейин венчурдук каржылоо чөйрөсүнө тийиштүү көңүл бурулган эмес жана бул тармакт мыйзамдуу түрдө жөнгө салынган эмес. Буйруса бул маселени толук мыйзам менен жөнгө салууга кадам таштадык

Мыйзам долбоору венчурдук каржылоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги милдеттерин аныктайт жана башка чектеш тармактарга да таасирин тийгизип, бул чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салат", - деди ал.

Иманов жакын арада венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюларын, андан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий