ЮНИСЕФ Баткен облусунда бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырат

Аймак 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев ЮНИСЕФтин Кыргызстанга жаңы дайындалган өкүлү Самман Жунг Тапа менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл Самман Жунг Тапаны жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгилик каалоо менен, алгачкы жумушчу сапарын Баткенден баштаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Биз үчүн ЮНИСЕФ маанилүү өнөктөш, кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң маани беребиз. ЮНИСЕФ Баткен облусунун билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы көйгөлөрдү жеңилдетүүгө зор салым кошуп келе жатат", - деди Алимбаев.

Тараптар алдыдагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишеничин билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин макулдашылган планга ылайык, кызматташтыктын алкагында 2025-жылга чейинки аралыкта кызамык оорусунун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулуп, эл арасында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин активдештирүү колго алынат. Ошондой эле 186 саламаттыкты сактоо кызматкерлери окутуудан өтүп, 5 мобилдик топ түзүлүп иш алып барат.

Ал эми билим берүү тармагы боюнча, 1 миң 750 мугалим биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутуудан өтөт.

Пикир

Оставить комментарий