Юрист Чынара Мусабекова КР мыйзамдарына баа берди

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта, Бишкекте КРнын “КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” жана “Маалыматка жетүүнүн кепилдиги жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамдарын инвентаризациялоонун алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо жүрүп жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, мындан мурда бул мыйзамдар социалдык тармактарда жана калк арасында чоң резонанс жараткан.

Мыйзамдарга баа берген эксперт-юрист Чынара Мусабекова өзүнүн докладында мыйзамдарга баа берүү Юстиция министрлиги сунуштаган методологиянын негизинде жүргүзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, ушул чөйрөдөгү мыйзамдарды талдаган эл аралык эксперттердин иши изилденген.

“Баалоо 5 топко ылайыктуулугу боюнча жүргүзүлгөн. Биринчи шарт (критерий) боюнча 10,5 балл алынган. Мыйзам биринчи критерийге жооп берет, анткени мыйзам Конституциядан келип чыгат же Баш мыйзамдын аткарылышын камсыздайт. Мыйзамдын эл аралык милдеттенмелерге ылайыктуулугуна байланыштуу, жалпы пикирлер бар экенин белгилесек болот. Мамлекет коомдук кызыкчылык камтылган маалыматты таратышы керек деген талап бар”,-деди өз докладында Мусабекова.

Ошондой эле ал мисалы, жашыруун маалыматка жетүү сыяктуу кээ бир түшүнүксүз жагдайлар жана талаштуу учурлар бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий