• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Юстиция министрлиги кызматтык бош орундарга конкурс жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ички кадрлар резервинде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында төмөнкү бош башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарды ээлөөгө конкурс жарыялайт.

– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам боюнча башкармалыгынын начальниги (Б-Б):

1. Кесиптик билимдин деңгээли;

– «юриспруденция», «мамлекеттик башкаруу» жаатында жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы;

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин финансы-чарбалык бөлүмүнүн начальниги (Б-Б):

1. Кесиптик билимдин деңгээли;

– финансы жана бухгалтердик эсеп жаатында жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы;

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

Ички сынакка катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ички кадрлар резервинен талапкерлер, адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө (305-б.) 2020-жылдын 23-декабрында кечки саат алтыга чейин жеке арызын бериши керек, Улуттук кадрлар резервинде турган талапкерлер үчүн мыйзамдарда каралган мөөнөттө.

Пикир

Оставить комментарий