• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Юстиция министрлиги менен Коомдук кеңештин жумушчу жолугушуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. 12-декабрда Юстиция министрлигинин өкүлдөрү менен Коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн көчмө жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү юридикалык жактарды каттоо, апостиль коюу, нотариат, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоо, эл аралык кызматташуу, укуктук маалымат, коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле каржы жана кадр маселелери жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Өз кезегинде Коомдук кеңештин мүчөлөрү берилген суроолоруна жооп алышып, министрликтин ишинин айрым багыттары боюнча өз сунуштарын билдиришти.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында Юстиция министрлигинин жана Коомдук кеңештин өкүлдөрү юстиция органдары тарабынан калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштерде жигердүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдиришип, бул багытта пландарды белгилешти.

Иш-чарага Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров, юстиция министринин орун басары Максатбек Есеналиев, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Бул көчмө жумушчу жолугушуу Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы Укуктун үстөмдүгү 2-фазасы” Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий