• 87
  • 90.41
  • 0.84

Көчөдө мас чоң энесинин жанынан табылган 6 жашар кыздан апасы баш тартты

Коом 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Сокулук районундагы Сокулук айылында мас абалда уктап жаткан чоң энесинин жанындагы алты жашар кыздан апасы баш тартты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Галина Спивакова кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, учурда кыз балдарды коргоо борборуна жайгаштырылган.

“Кыз бизге келген кезде дароо анын апасын издей баштадык. Июль айында апасын таап, сүйлөштүк. Ал башка үй-бүлөсү жана кичинекей үч баласы бар экендигин айткан. Кызын кайра алгысы келбеген апасы андан баш тарткан. Кыздын атасы кайда экендигин эч ким билбейт”, - дейт Спивакова.

Ал билдиргендей, учурда кыздын башка туугандары изделүүдө. Эгер табуу мүмкүн болбосо, анда бала асыроого берилет. “Кыз аябай кыйналгандыгы көрүнүп турат. Аялдын айтуусу боюнча, ал кыздын бир тууган чоң энеси болот, бирок, тастыктай турчу документтери жок. Дарыгерлер кызды текшерип чыгышты. Анын саламаттыгы жакшы экен”, - дейт Спивакова.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облустук милициясы Сокулук айылында “өспүрүм” аталыштагы рейд жүргүзүү учурунда мас абалда уктап жаткан чоң энесинин жанында жүргөн 6 жашар кыз табылгандыгын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий