• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, линияга 50 атайын техника чыкты, анын ичинде 27 кар тазалоочу МАЗ жана 1 ЗИЛ агрегаты, 2 алдынан жүктөгүч техника, 8 щетка жана күрөктүү «Беларусь» трактору, 5 универсалдуу УКМ- 2500 , 2 даана «Bobcat» кар тазалоочу техникасы, 1 даана карды өзү жүктөөчү техника, ошондой эле "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын 4 даана атайын техникасы бар.

Ошондой эле ишкананын 659 кызматкери тротуарларды, жол четиндеги бордюрларды тазалоодо.

Пикир

Оставить комментарий