• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Көк-Арт РЭТинде 34 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт район электр тармактар ишканасында 34 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өтүп, 39 чакырым аба чубалгысы жаңыланды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган РЭТте жалпы 350 трансформатор болсо, анын 60ы быйылкы жылга ондоодон өткөрүу пландалган.Учурда 34тү бүткөрүлдү. Утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарына 274 трансформатор мерчемделип, анын 191и ишке ашырылды.

Ал эми 0,4-6-10 кВ чыңалуудагы аба-чубалгыларында 84 чакырым мерчемделсе, азыркы күнгө чейин 39 чакырымы ондоп-түзөөдөн өтүп, калган 45 чакырым аба чубалгы күз-кыш айларына чейин план боюнча аткарылат.

Мындан сырткары, Көк-Арт райондук электр тармактары күз-кыш айларына чейин 700 даана мамыча орнотот. Анын 250сү жаңы курулса, 450сү эскилиги жеткен жыгач мамычалар темир-бетон мамычаларга алмашат. Кызматкерлер пландалган жумуштун негизинде 6 ай ичинде 137 электр мамысын алмаштырышты.

Көк-Арт РЭТинде 9 көмөк чордонунан чыккан 31 фидер бар. Мында жалпысынан 17 миң 500дөн ашык абонентке 115 энергетик тейлөө көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий