• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Көк бөрү боюнча райондор аралык өлкө чемпионаты болот

Спорт 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкектеги көк бөрү боюнча райондор аралык Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Оюн 18-23-февраль күндөрү "Ак-Кула" ат майданында болот. Ага ар бир облусттук аймактан бирден райондор катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

  • Сузак району (Жалал-Абад облусу);
  • Ак-Талаа району (Нарын облусу);
  • Сокулук району (Чүй облусу);
  • Лейлек Району (Баткен облусу);
  • Кара-Кулжа району (Ош облусу);
  • Ак-Суу району ( Ысык-Көл) облусу);
  • Талас району (Талас облусу);
  • Ош шаары;
  • Четинди (Бишкек шаары).

Белгилей кетсек, көк бөрү оюну боюнча райондор аралык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий