• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Көк бөрү федерациясы Казакстандын улакчыларын Биримдик кубогуна чакырды

Спорт 0

Бишкек, 16.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандын көк бөрү федерациясы Казакстандын курама командасын Биримдик кубогуна чакырды. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, оюндар 1-ноябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы финалдык беттешке чыккан кыргыз-казак командалары гана катышат.

“Казакстандын Көкпар жана Көк бөрү боюнча курама командаларын бул беттешке чакырдык. Оюнга калыстык кылууга кыргыз тараптан да, казак тараптан да калыс болбойт. Биз Өзбекстан же Россиядан калыс болот деп пландаштырып жатабыз. Коопсуздук үчүн оюн көрүүчүлөр жок өткөрүлүшү ыктымал. Көк бөрү федерациясы кыргыз жана казак элдеринин достугун чыңдоого умтулгандыгын, эки элдин чыныгы байлыгы жана улуу көчмөндөрдүн мурасы болгон спортту мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар”, - деди ал.

Ошондой эле ал ушул жылдын 8-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк көкпар ассоциациясы менен Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганын белгиледи. Анда тараптар клубдар жана эки ассоциациянын мүчөлөрү болуп саналган курама командалардын ортосунда эл аралык жолугушууларды өткөрүүгө макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий