• 87
  • 90.41
  • 0.84

Көк-Жар конушундагы Коңорчок көчөсүн капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Көк-Жар кичи районунда Коңорчок көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Куйручук көчөсүнө чейинки жолду жана тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын адистери жолго асфальт-бетон аралашмасын төшөө үчүн жолдун негизин даярдоодо.

"Жолчулар эски асфальтты сыйрып, жолду түздөп, бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотушту. Учурда жолго шагыл төгүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Октябрь акимиаты жана №6 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан тротуарды оңдоого тоскоол болгон объектилерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле жакында 21 телефон мамыларынын тирөөчтөрүн жылдыруу боюнча иштер башталат.

Пикир

Оставить комментарий