Көлмө конушунда тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуучу пункт пайда болду

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бишкектин Көлмө конушунда тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуучу дагы бир пункт пайда болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган пунктта улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын 6 евро контейнер орнотулуп, таза суу, канализация жана электр энергиясы тартылып, таштандыларды сорттоочу бөлмө жабдылган.

Долбоордун максаты - шаардыктарга катуу таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо, жеке ишканаларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, курулуш материалдарын БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму сатып алып, орнотууну “Тазалык” муниципалдык ишканасы жүргүзгөн, ал эми иш акысы Биринчи май акимчилиги тарабына төлөнгөн.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий