• 87
  • 90.43
  • 0.88

Көмүр камдап алыңыз! Калкты көмүр менен камсыздоо иштери кандай жүрүүдө?

Коом 0

Кыш жакындаган сайын үйдү жылытуу камылгасы башталып, жер үйдө жашагандар көмүр алуунун аракетинде. 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы бардык аймактарда көмүр кампаларын ачып, анда Монополияга каршы күрөшүү кызматы аныктап берген баа менен сатылышы керек экендиги айтылып келет. Кыш мезгилинде калкты жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай даярдыктар жүрүп жаткандыгы, кара алтындын баасы, бүгүнкү күндө республикада канча көмүр кени иштеп жаткандыгы тууралууКыргызкөмүр мамлекеттик ишканасынан “Кабар” агенттигине маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча көмүр кени иштеп жатат?

Кыргызстан көмүр казып алуу өндүрүшүн өнүктүрүүдө зор потенциалга ээ. Бүгүнкү күндө республиканын түндүк, түштүк аймактарында баары биригип 70тен ашык көмүр кени иштейт. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 31-августта Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Урмизан-3” аталышындагы көмүр кени жана Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында жайгашкан “Загара 2″ мамлекеттик көмүр кени ачылды.

Кышкы мезгилде калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга кандай чаралар көрүлдү?

Быйыл Кара-Кече көмүр кенинде сезон жылдагыдан 1 ай эрте, тактап айтканда июль айында эле башталган. Министрлер кабинетинин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндөгү токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБине 750 миң тонна атамекендик көмүрүн жеткирүү тапшырмасы коюлган, анын ичинен "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын планы 520,0миң тонна. 2024-жылдын 22-октябрына карата Бишкек шаарынын ЖЭБине 109,1 миң тонна жеткирилди жана коюлган планды аткаруу иштери уланууда. Иш процессин үзгүлтүкө учуратпоо максатында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы бүгүнкү күндө күчөтүлгөн режимде, күнү-түнү 2 нөөмөт менен иш алып барууда. Жогоруда белгиленгендей, Кара-Кече кесиминде үстүбүздөгү жылдын башынан бери 802,8 тонна көмүр казылып алынып, ал эми калк үчүн көмүр жүктөө үстүбүздөгү жылдын 16-июлунан тарта башталган. Учурда калкка - 156 502,9 тонна, бюджеттик мекмелерге – 34,5 миң тонн жана Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирүү үчүн Балыкчы кампасына – 134,1 миң тонна жөнөтүлдү. Мындан тышкары Балыкчы, Орловка, Токмок жана Кант жылуулук менен камсыздоочу ишканалары менен көмүр жеткирүү келишимдерине ылайык иштери жүрүүдө. 2500 миң тоннага келишим түзүлүп, азыркы учурда жеткирүү иштери жүрүүдө.

«Борбордук» тилкесинде – 45 миң тонна

«Чыгыш» тилкесинде – 20 миң тонна

«Батыш» тилкесинде – 30 миң тонна

Убактылуу көмүр кампада – 70 миң тонна.

Андан сырткары, Түндүк, Түштүк региондорундагы калктын көмүргө болгон муктаждыктарын жана арзан баада көмүр сатуучу көмүр кампалары менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бийлик органдары жана жеке ишкерлер менен биргеликте көмүр кампаларын уюштуруу иштери жүрдү.

Көмүрдүн баалары кандай? Жыл аягына чейин ошол баа сакталабы жана кантип көзөмөлдөнөт?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан, БР маркасындагы көмүрдүн баасы тоннасына 2 260 сом (КНС жана СаС салыктарын эске алуу менен) өлчөмүндө белгиленген.

Быйылкы күз-кыш мезгилине “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы ички рынокту атамекендик көмүр отуну менен камсыздоого, турукташтырууга Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына отун базалары ачылып, керектөөчүлөргө кесек көмүр отунун керектүү көмүр көлөмүн алып кетүү шарттары менен биргелешкен келишимдер жеке ишканалар менен түзүлүп, иш алып барууда.

Отун базалары

Отун базаларынын саны

Баасы, (сом)

1

Бишкек шаары

11

5300

2

Чүй облусу

8

5000-5800

Мында, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы ички рынокту атамекендик көмүр менен камсыздоого өндүрүштүк-чарбалык иш аракеттерин көрүүдө. Ушуга байланыштуу, өлкө калкы үчүн көмүргө болгон баанын рыноктук өсүшүнө жол бербөө үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын расмий сайтында жарыяланган бардык аймактар боюнча көмүргө болгон баалардын максималдуу деңгээлинде белгиленген.

Эмне себептен ар кайсы региондо баалары ар башка?

Өлкөнүн облустарында жана аймактарында көмүрдүн баасынын айырмаланышынын себеби, күйүүчү-майлоочу материалдарына кеткен транспорттук чыгым болуп саналат. Бул аралыктардын алыстыгына жараша болот. Көп жылдар бою “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кече көмүр кенинен чыккан көмүр отунун оор жүк ташуучу автоунаалар менен жергиликтүү аймактарга жеткирилип, калкты көмүр отун менен камсыздап келет.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий