Көмүр шахтасындагы жарылуу. Садыр Жапаров Түркия президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 15.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көмүр кениндеги жарылуунун натыйжасында жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

«Түркиянын Бартын провинциясынын Амасра районунда, көмүр шахтысында 14-октябрда орун алган жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий