• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. 8-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий