• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Көп окуу жүктөмү менен иштеген мугалимдерге кошумча акы төлөө сунушталып жатат

Билим 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги берген сунуштардын негизинде республиканын жалпы орто билим берүү уюмдарында иштегендердин айлыгы жогорулайт.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде мугалимдердин, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин, эмгек акысы жогорулатылат. Андан тышкары, окуучулардын көптүгүнөн көбүрөөк окуу жүктөмү менен иштөөгө аргасыз болгон мугалимдердин эмгегин баалоо жана аларга материалдык түрткү берүү максатында кошумча акы төлөө сунушталып жатат. Кошумча акыны эсептөөдө өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы белгилеген норма (класста 1 окуучуга 2 чарчы метрдин болушу) да эске алынат.

Мындан окуучуларынын саны аз мугалимдер эч кандай жабыр тартышпайт, тактап айтканда, алар окуучуларынын санынын аздыгына карабай эмгек акысын толук көлөмдө алышат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эл жыш отурукташкан калктуу пункттарда жайгашкан айрым мектептерде окуучулардын саны нормадан ашып кетип, мугалимдерге кошумча түйшүк артылууда.

Пикир

Оставить комментарий