• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт – 11-октябрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-октябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Талас облусунда +14…+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл облусунда +16...+21, Нарын облусунда +15…+20, ал эми борбор калаа Бишкекте +17…+19 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +23…+25 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий