• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт – 26-сентябрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн республиканын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл аймагында +13…+18, Нарын облусуда +14...+19, борбор калаа Бишкекте +16…+18 жана Ош шаарында +24...+26 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий