• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан Аравандагы Чил-Устун үңкүрү – сүрөттөр

Коом 0

Чил-Устун үңкүрү — Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан. Үңкүр Чилүстүн тоосунун түштүк-чыгыш капталында, Араван кыштагынан 1,5 км түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Карбон мезгилинин акиташ тектеринде пайда болгон. Үңкүр үч айрыгынан турат; жалпы узундугу 400 метр. Эң ири айрыгынын узундугу 85 метр, туурасы 40 метр жана бийиктиги 25 метр.

Чил-Устун үңкүрү – Орто Азиядагы эң кооз үңкүрлөрдүн бири. Анда хемоген чөгүндүлөрүнүн бардык Уформалары кездешет. Үңкүрдүн 1-айрыгынын боорлорунда санскрит, араб, орус тилдериндеги жазуулар бар. Санскритчеси XVII кылымга чейин жазылгандыгы божомолдонот.

Ошондой эле жергиликтүү элдердин чырактары жана башка байыркы буюмдары табылган. Туристтик-экскурсиялык маршруттарды, дарылоо жайларын курууга эң ылайыктуу. Тарыхчылар үчүн да кызыктуу үңкүр.


Сүрөттү тарткан Исхак Туратбеков

Пикир

Оставить комментарий