• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Көптөгөн иш-чараларда сахнаны көркөм жасалгалаган Макен Сыдыкбаевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев дүйнөдөн кайтты.

Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында туулган.

1958-жылы С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, ал эми 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт институтун бүтүргөн.

Студент кезинен эле сүрөт өнөрүнө кызыккан Макен Сыдыкбаев 1975-жылы Улуу Октябрь революциясынын 40 жылдыгына арналган Республикалык сүрөт көргөзмөгө катышып, чыгармачылыкка аралаша баштаган.

Эмгек жолун 1964-жылдан тартып Мамлекеттик орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1994 –жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, 1967-1975-жылдар аралыгында С. Чуйков атындагы көркөм окуу жайында жана 1994-жылы И. Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим болуп иштеген.

Эмгек жолунда СССРдин курамындагы бүтүндөй ири шаарларга чыгармачылык гастролдордо, стажировкаларда, 1973-жылы Москвада өткөн СССР сүрөтчүлөр съездинин жана 1981-жылы Германияда өткөн алтынчы эл аралык театр сүрөтчүлөрүнүн жана архитекторлор конгрессине делегат болгон.

Ал «Кызыл жоолук жалжалым» (Ч. Айтматов), «Эжелүү-сиңдилүүлөр» (А. Чехов), «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек» (Ж. Садыков), «Ак боз ат» (Ш. Садыбакасов), «Төрт адам» (М. Байжиев), «Алтын кыз» (В. Власов), «Кармен» (Ж. Бизе), «Курманбек» (Н. Давлесов), «Отелло» (Ж. Верди) жана башка көптөгөн спектаклдерди көркөмдөгөн.

«Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», А. Малдыбаевдин портреттери жана башка живопистик эмгектери бар.

Ал СССР сүрөтчүлөр союзунун, СССР театр ишмерлер союзунун жана Кыргыз ССРнин театр ишмермелер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Макен Сыдыкбаев Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү болуп иштеп турган учурунда Республикалык жана Бүткүл союздук көптөгөн иш-чараларда сахнаны көркөм жасалгалаган.

Макен Сыдыкбаевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамдары ыйгарылган, ал бир катар медаль жана ардак грамоталары менен сыйланган.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, Ч. Абыкеев, В.К.Раимбачаева, К.А.Талиева, А.А. Максутов, К.О. Иманалиев, А.А. Аскарова, Ч. Эсенгул уулу, М.Т. Тагаев, Ж.Джунушев, А. Истамбаев, А.А.Өзүбеков, С.В.Бардаков, Ж. Кулмамбетов , Т. Садыков, Т. Курманов, А.Осмонов, С.Төрөбеков, А.Байтереков, Т. Усубалиев, С.Ажиев.

Пикир

Оставить комментарий