Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова ким менен күрөшү турганы белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Казакстанда өтүп жаткан Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын атаандашы белгилүү болду.

Тыныбекова биринчи кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонилла менен күч сынашат. Бул кармаштын жеңүүчүсү кийинки айлампада Япония менен Германиянын спортчуларынын таймашында жеңген балбан менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий