• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Көргөзмөлөр, мелдештер жана ыр-күүлөр. Эгемендүүлүк майрамы Баткенде чоң салтанат менен белгиленүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.08.23./Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Баткен облусунда чоң салтанат менен белгилүүдө.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришкендей, майрамдык салтанат борбордук стадиондогу кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсү менен башталды.

Андан соң майрамдык салтанаттын расмий ачылышы башталып, Баткендин элин министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов, президенттиин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана жергиликтүү жетекчилер улуу майрам менен куттукташты.

Майрамдык иш-чарага Өзбекстандын Сох районунан келген коноктор да катышып, куттуктоо, каалоо тилектерин билдиришти.

Салтанаттын жүрүшүндө театрлаштырылган оюн-зоок, аскер бөлүктөрү тарабынан даярдалган атайын көрүнүштөр, концерттик программа тартууланды.

Майрамдын урматына спорттун бир нече түрү боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдештер өтүүдө: улуттук кыргыз күрөшү, аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү, стол үстүндөгү теннис.

Пикир

Оставить комментарий