Көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 30.03.24. /Кабар/. Бүгүн "Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда көркөм гимнастика боюнча жаштар жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионатка 62 спортчу катышууда. Иш-чара эки күнгө уланат: 30-31-март.

Мелдештин ачылышына Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Улуттук антидопинг дирекциясынын директорунун орун басары Айнагүл Рыскулова, "Ынтымак" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Рустам Ниязалиев, Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика боюнча федерациянын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий