• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Көрктөндүрүү эрежелерин бузган. Бишкекте курулуш компаниялары айып жыгылды

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бишкекте бир катар курулуш компаниялары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Алсак,
-Ажыбек Баатыр көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан "Прайм Констракшн" ЖЧКсы курулуш объектинин жанаша аймагында тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча эрежелерди сактаган эмес. КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча 13 миң сом суммасында протокол түзүлдү;
- "Кент Строй" ЖЧКсы курулуш аянтчасында санитардык нормалардын сакталбашы, бетон аралашмасынын төгүлүшү жана ирригациялык системаны булгаганы үчүн 114- 115-берененин 2-бөлүгү жана 249-берене боюнча протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 49 миң сомду түздү;
- "Памир Строй" ЖЧКсы жанаша аймагындагы антисанитария, ошондой эле муниципалдык аймакка бетон аралашмасын төккөнү үчүн компанияга 114 жана 115-берененин 2-бөлүгү боюнча 36 миң сом суммасында протокол жазылды.

Бишкек мэриясы бардык юридикалык жана жеке жактар шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сакташы керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий