Бишкек, 20.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын «Спартак» стадионунда Польша мененСенегалдын курама командалар арасындагы оюн 2:1 эсебинде Сенегалдын пайдасына чечилди.
Оюндун 37-мүнөтүндө Сенегалдын оюнчусу Гейенин тепкен тобу Польшанын коргоочусу Ционектин бутуна тийип автоголго айланды.
2-таймдын 60-мүнөтүндө чабуулчу Ньянг Польшанын оюнчусунун катасын колдонуп гол киргизгенге жетишти. 86-мүнөтүндө көтөрүлүп берген топту Польшанын жарым коргоочусу Крыховяк башы менен сүзүп эсепти 2:1ге өзгөрттү.
Белгилей кетсек, эки курама команда тарыхта биринчи жолу бири-бирине каршы оюн өткөздү.
Пикир
Оставить комментарий