Күзүндө жаңы конуштардын 146 миң жашоочусуна кызыл китеп берилет – Жаныбеков

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда күз мезгилинин аягында жаңы конуштардын 146 миң жашоочусу кызыл китеп алат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, жер амнистиясы жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

“Кадастардын” кызматкерлери райондук комиссия жана башкалар менен ушул маселенин үстүндө иштеп жатат. Ларга кыска мөөнөттө документтерди берүү тапшырмасы берилген. Бирок мында жашоочулар дагы бизге жардам бериши керек. Биз аракет кылабыз, анткени алдыбызга тапшырма коюлган”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий