Күзөт кызматында Индия менен Пакистандын элчилери менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаровдун демилгеси менен Индиянын жана Пакистандын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар окуп жаткан жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуу уюштурулду.

ИИМден маалымдашкандай, жолугушууга Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам, Индиянын элчиси Арун Кумар Чаттержи, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты.

Оролбек Акпаров конокторду ИИМдин Күзөт кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, студенттердин, ошондой эле башка чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун күчөтүү максатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Кайтарууда турган объекттерден келген “айгай” белгилерине кармоо топторунун ыкчам аракет көрүүсү ачык көрсөтүлдү.

Ошондой эле кызматтын башчысы ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан биздин алдыбызга коюлган милдеттердин бири – чет өлкөлөрдүн жарандары жашаган жерлерди, тактап айтканда студенттер жашаган жатаканаларды коргоону уюштуруу экенин белгиледи. Белгилей кетсек, мындай чечимге элчиликтердин өкүлдөрү да артыкчылык беришкен. Анткени, жакында ИИМдин жетекчилиги менен болгон жолугушууда студенттердин биздин өлкөдө жүргөн учурундагы коопсуздук маселелери талкууланган.

Өз кезегинде элчиликтердин өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери Кыргызстанда окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин коопсуздук маселелерин уюштурууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган жолугушуу жана Күзөт кызматынын ишмердигин тааныштыруу ИИМдин жетекчилигинин талаптарын аткаруу максатында өткөрүдү.

Пикир

Оставить комментарий