Күзөт кызматынын ведомстволук полкуна жаңы имарат курула баштады

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бүгүн Күзөт кызматынын Ведомстволук полкунун жаңы имаратына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров, Бишкек шаарынын ИИББдин башчысы Азамат Токтоналиев, ошондой эле ардагерлер жана өздүк курамы катышты.

Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө бул долбоор милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу жана алардын ыкчам даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле коопсуздук жана укук тартибин камсыз кылуудагы маанилүү экендигин айтты.

Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 408,52 чарчы метрди түзөт, 26 бөлмөдөн турат. Курулуш ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий