"Кабар" агенттиги Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форумунун башкы өнөктөшү болду

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форумунун башкы маалыматтык өнөктөшү болду.

Иш-чара 7-8-июнда Бишкекте өтөт.

"Кабар" агенттиги иш-чараны натыйжалуу чагылдыруу, ошондой эле анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында маалыматтарды кыргыз жана орус тилдеринде гана эмес, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде дагы жарыялап турат.

"Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форуму маалыматтык кызматташтыктын алкагында "Кабардын" мүмкүнчүлүктөрүн жана анын эл аралык макамын баса белгилеген биринчи иш-чара болмокчу. Биз маанилүү иш-чараны колдойлу деп чечтик, анткени ал IT жана өлкөдөгү санарип инновациялар жаатындагы чоң иш-чаралардын бири болуп саналат. Анда глобалдуу технологиялар көрсөтүлөт. Мындан тышкары, форум Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып, эл аралык инвесторлордун көңүлүн бурат", - деди "Кабар" агенттигинин директору Медербек Шерметалиев.

Глобалдуу иш-чарага беш миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө. Форум Бишкектеги "Дасмия" ресторан комплексинде 7-8-июнда саат 08:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Форумга Кыргызстандын Agile, MD, AI, Pro quality, BA, Mobile, Front Spot Asia, AWS, IT HR сыяктуу IT коомчулугу катышат.

Форум Жогорку технологиялар паркы тарабынан уюштурулду.

Жогорку технологиялар паркы – Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик уюм.


Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги – өлкөнүн эң негизги маалымат агенттиги. Ал 1937-жылы КирТАГ агенттигинин базасында түзүлгөн. "Кабар" Кыргызстандын ички жана тышкы маалыматтык саясатын жүргүзгөн бирден-бир мамлекеттик маалыматтык-аналитикалык агенттик болуп саналат. www.kabar.kg сайтында маалыматтар кыргыз, орус ,англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий