• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

“Кабар” агенттиги менен “Мир” телеканалы кызматташуу меморандумуна кол койду

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Эл аралык “Мир” телерадиокомпаниясы кызматташат.

Кызматташуу боюнча меморандумга “Кабар” КУМАнын директору Медербек Шерметалиев жана “Мир” ТРКнын башкы директорунун орун басары Владимир Казарезов кол койду.

Медербек Шерметалиевдин айтымында, телеканал негизделгенден бери постсоветтик мейкиндиктеги элдердин достугунун көпүрөсүнүн түптөлүшүнө чоң иштерди жасай алды.

“Мен "Мир” ТРКсынын чагылдырган материалдары кесиптик этикага, адеп-ахлакка багытталгандыгын, бул маалымат мейкиндигинде маанилүү ролду ойной тургандыгын белгилеп кетким келет. Мен сизге жана сиздин командаңызга маанилүү контенттерди даярдоодо ийгиликтерди каалайм, КМШдагы телекөрүүчүлөрдү дайыма кубантып гана жүрө бериңиздер. Бүгүнкү тарыхый күн келечекте биздин элдерди дагы да жакындатууга жана улуттар аралык алакаларды бекемдөөгө салым кошот деп ишенем. Буга байланыштуу биз кызматташтыгыбыздын алкагында жаңы, кызыктуу долбоорлорду иштеп чыгышыбыз керек. Мен биздин кызматташтыгыбыз жемиштүү болот деп үмүттөнөм”, - деди ал.

Өз кезегинде, Владимир Казарезов бир ай мурда гана макулдашуу түзүлөрү боюнча талкуу башталганын, жана кыргыз тараптын кызыгуусу жаралганына кубанганын белгиледи.

“Макулдашуу бири-бирибиз менен ыкчам кызматташууга жана болуп жаткан окуяларды эки тараптуу форматта объективдүү чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзөт деп ойлойм. “Мирдин” 9 мамлекетте филиалы иштейт. Биз Түркмөнстан менен Өзбекстандын телеканалдары, радиолорунун мамлекеттик комитеттери менен макулдашуубуз бар. Эки тараптуу жана көп тараптуу алакалар мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө өзгөчө орунду ээлейт”, - деп белгиледи Казарезов.

Пикир

Оставить комментарий