• 87
  • 90.63
  • 0.79

“Кабар” агенттиги өнөктөштөрдү маалыматтык жана коммерциялык кызматташууга чакырат

Коом 0

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги медиа өнөктөштүк статусунун алкагында маалыматтык жана коммерциялык кызматташууга даяр экендигин билдирет.

Агенттик 2025-жылга карата мамлекеттик, эл аралык, социалдык, маданий, билим берүү, спорттук, инновациялык жана башка форматтагы иш-чараларга маалыматтык колдоо боюнча медиа өнөктөш катары сунуштарды кароого даяр.

Мындан тышкары, агенттик өзүнүн сайтына акы төлөнө турган маалыматтарды жайгаштырууга, маалымат жыйындарын жана иш-чараларын өткөрүү боюнча коммерциялык кызматтарын сунуштайт.

Агенттиктин социалдык тармактарда расмий аккаунттары бар, ошондой эле сайттын англис, араб, кытай жана түрк тилдериндеги версиясы иштейт. Зарыл болгон учурда агенттик маалыматтык жана коммерциялык кызматташтыктын алкагында сайтка жогорудагы тилдерде материалдарды чыгарууга даяр экендигин билдирет.

Коммерциялык жана маалыматтык өнөктөштүк суроолору боюнча 996 557 991999 (вотсап, телеграмканал) телефонуна же nurnaizabekova@gmail.com почтасына кайрылууга болот.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 1937-жылы негизделген жана Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги болуп саналат. Бул өлкөнүн ички жана эл аралык маалыматтык саясатын координациялоочу жалгыз мамлекеттик маалыматтык-аналитикалык мекеме. Агенттиктин жаңылыктары кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланып турат.

Пикир

Оставить комментарий