• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Кабар" КУМА Болгариянын БТА маалымат агенттиги менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Болгариянын БТА маалымат агенттигинин ортосунда кызматташтык тууралуу келишим түзүлдү.

Келишимге "Кабар" КУМАнын директору Медербек Шерметалиев жана БТА маалымат агенттигинин директору Кирилл Вылчев кол коюшту.

Тараптар кызматташуу жана өз ара маалымат алмашууга кызыкдарлыгын белгилешти.

Кол коюу аземи 21-23-июль аралыгында Азербайжандын Шуша шаарында өтүп жаткан II Эл аралык глобалдык медиафорумдун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий