• 85.8
  • 93.2
  • 0.88

"Кабар" МАБ. Административдик-аймактык реформа – туруктуу өнүгүү фактору катары

Аналитика 0

Кыргызстанда административдик-аймактык реформа жүрүүдө. Анын максаты жергиликтүү бийликти жана алардын аппаратын башкарууга жөндөмдүү жана натыйжалуу кылуу болуп саналат. Жогорку Кеңеш өкмөткө аймактардагы мамлекеттик башкаруу системасын кайра түзүүгө мүмкүндүк берген үч мыйзам долбоорун жактырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте документтердин долбоорлорун тааныштырып жатып, Кыргызстан “бир айыл – бир айыл өкмөт” принцибинен четтеп бара жатканын белгиледи. Башкача айтканда, чакан калктуу конуштар бир айыл аймакка бириктирилип, мына ушундай жол менен административдик-башкаруу аппараты кыскарып, ошого жараша чиновниктерге сарпталган чыгымдар азаят.

Аткаминерлердин санын кыскартуу маселеси көп жылдардан бери айтылып келген, бирок жыйынтык болгон эмес. Бирок Акылбек Жапаров белгилегендей, реформа жүргүзүү оңойго турган жок.

“Административдик-аймактык реформага чейин 10 миң 287 штаттык бирдик болсо, андан кийин 6 миң 398 бирдик болуп, 3 миң 856 штаттык бирдикке кыскарган. Буга чейин алардын чыгымдарына 4,8 млрд сом бөлүнсө, эми 3 млрд сом бөлүнүп, 1,8 млрд сом үнөмдөлөт. Бул каражаттар толугу менен айыл өкмөттөрүн өнүктүрүүгө багытталган, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Айылдар гана бириктирилбестен, жакын жайгашкан калктуу конуштарды кошуунун эсебинен шаарлар да кеңейтилүүдө. Учурда административдик-аймактык реформадан кийин Бишкектин аянты 12,9 миң гектардан 38,6 миң гектарга көбөйдү, башкача айтканда, дароо үч эсеге чоңойду.

Бул финансылык жана адам ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана пайдаланууга алып келет.

Административдик-аймактык реформага чейин 452 айыл өкмөтү болсо, реформадан кийин алардын саны 235ти түзөт. Республикалык жана облустук маанидеги 33 шаардын чек аралары кеңейтилет.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, кадрларды тандоо маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Район жетекчилеринин ыйгарым укуктары кеңейтилип, ротациялык системанын жардамы менен «өз кишиси» деген принцип жоюлду. «Биз айыл өкмөттөн тазалыкты, тартипти, элди сыйлоону, кам көрүүнү, жергиликтүү экономиканы чыңдоо жана инвестиция тартууну талап кылабыз», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Эксперттер жыйынтыгында сөз тез жана натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, адекваттуу бийликти калыптандыруу жөнүндө болуп жатканын белгилешти.

Бул саясий чечимди кабыл алуудан баштап, аны жеринде ишке ашырууга чейинки убакытты азайтууну көздөйт. Муну менен бирге ишти аткаруу тартиби жогорулап, орто звенодогу жетекчилердин кесиптик деңгээли жакшырат.

Мамлекеттик башкаруу маселеси боюнча эксперт, экономика илимдеринин доктору, Кыргызстан эл аралык университетинин профессору Төлөнбек Абдыров буга чейин реформа жүргүзүүгө көп аракеттер көрүлгөнү менен, аны эч ким алдыга жылдыра алган эмес деп эсептейт.

“Баланс болгон эмес. Мисалы, 140 адамдан бир нече миң адамга чейин жашаган айрым айылдарда өзүнчө айыл өкмөттөрү болгон, ал эми айрым жерлерде тескерисинче, 50-60 миңге чейин калк жашаган бир нече конуш бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына баш ийип келген. Албетте мындай теңсиздик иштин натыйжалуулугуна өз таасирин тийгизген.

Учурда республика боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа алгач Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунун бир катар райондорунда пилоттук долбоор катары сыналган. Тажрыйба ийгиликтүү болуп, аймактарды башкарууну, жергиликтүү бийлик органдарынын ийкемдүүлүгүн жакшыртууга жана калктын аздыр-көптүр бирдей бөлүштүрүлүшүнө жетишүүгө мүмкүн болду”, -деди Төлөн Абдыров.

Легендарлуу парламенттин депутаты, Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев административдик-аймактык реформаны жүргүзүүдө башкарууга жөндөмдүү бийликтин вертикалын түзүү гана эмес, мындан аркы олуттуу кайра түзүүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенине ынанат.

“Кыргызстандын калкынын 65 пайызы жашаган айылдарыбыз өз алдынча болуп калган. Чакан калктуу конуштун өзүнүн башкаруу органдары болгону менен, ал өзүнүн ички көйгөйлөрү менен гана алектенип келген. Албетте, бул мамлекеттин социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген. Азыр президенттин чечими жана өкмөттүн, депутаттардын колдоосу менен айылдар ирилешип, Кыргызстанда жасалма административдик чек аралар жоюлуп, жаңы жолдор ачылууда. Бардык багыттар, айрыкча социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн ар тараптуу мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Айрым айылдарда калктын жашоо шартын жакшыртуу жана инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Кээ бир жерлерде ооруканалар, бала бакчалар, стадиондор дагы эле жок. Калктуу конуштарды ирилештирүү жана аларды башкаруудагы бирдиктүүлүк эң зарыл болгон нерсеге көңүл бурууга жана жергиликтүү деңгээлде олуттуу маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Аны менен катар инвестициялык долбоорлор менен да алектенүүгө болот.

Ошондой эле келечекте административдик-аймактык реформа майда чарбаларды өнүктүрүүгө, башкача айтканда, аларды ири кооперативдерге бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилей кетүү керек. Бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн 4-5 эсеге, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана малдын өндүрүмдүүлүгүн 1,5-2 эсеге жогорулатат.

Көп жылдар бою айыл чарба тармагындагы жасалган туура эмес аракеттердин натыйжасында 1,5-2 гектар гана жер аянты бар 400 миңден ашык майда чарбалар пайда болду. Бул биздин айыл чарбабызда чоң көйгөйлөрдүн бири болуп саналат, алар эл аралык соода алакасында эмес, жадагалса ички рынокто да атаандаштыкка туруштук бере албайт. СССР убагында бизде 500 ири колхоз, совхоз жана тажрыйбалуу чарбалар болгон, алардын ар бири орто эсеп менен 2500 гектар жерге ээлик кылган. Ал жерде механизацияны, илимдин акыркы жетишкендиктерин кеңири колдонууга, ири аянттарды тамчылатып же жамгырлатып сугарууга мүмкүн болгон. Биз чоң жумуштарды жасоого жөндөмдүү болгонбуз. Түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн талааларга алмаштырып себүү тажрыйбасы масштабдуу түрдө колдонулган. Албетте, күчтүү айыл чарбага ээ болуу менен өзүбүздү гана азык-түлүк менен камсыздабастан, жашылча жана мөмө-жемиштерди жана этти экспорттоочу болуу үчүн муну калыбына келтиришибиз керек.

Административдик-аймактык реформа биздин бул жөнүндө олуттуу ой жүгүртүүбүзгө шарт түзөт”, - деп белгиледи Акималиев.

Эксперттер белгилегендей, кайра түзүүлөр башталды, жана алардын алгачкы натыйжаларын жакынкы жылдарда көрөбүз. Кыргызстанды өзгөртүүгө, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана бир катар социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк бере турган чоң жана олуттуу өзгөрүүлөргө карай маанилүү кадам жасалды.

“Кабар" МАБ

Кирилл Степанюк

Пикир

Оставить комментарий