“Кабар” МАБ: Бишкектин туулган күнү: калаа кантип пайда болгон

Аналитика 0

Кыргызстандын борборуна 140 жыл!

Тарых

Бишкек 1825-жылы байыркы Пишпек шаарчасынын жана Пишпек Кокон сарайынын урандыларынын түзүлгөн. Алар VII кылымдан XIII кылымга чейин уездик соода шаарлары жана кербен жолдору болгон. XIII кылымдан кийин сарайдын ордунда 1878-жылга чейин байыркы Пишпек шаары пайда болгонго чейин орун алган биринчи көчмөн кыргыз урууларынын конуштары пайда болгон.

Тарыхчы Любовь Ивасенко билдиргендей, “ошол кезде кыргыздардын ортосундагы чатактан пайдаланып, Пишпекти Кокон аскер башчысы басып алган. Шаар Кокондун салык топтоочулары, соодагерлер жана кол өнөрчүлөр орун алган жерге айланган. 1862-жылы Россия менен Кокондун кармашуусунун жүрүшүндө шаарды Россия аскерлери басып алышкан. Кокон хандыгы талкалангандан соң Пишпек менен Чүй өрөөнүнүн калкы өз каалоосу менен Россиянын курамасына кошулган. Шаарга жана өрөөнгө Россия губерниясынын ар кайсыл жеринен келген дыйкандар жайгаша башташкан. Алар жергиликтүү калк менен тиричилик кылуу тажрыйбасынан үйрөнүп, Европа тибиндеги үйлөрдү кура башташкан”.

“Шаар 1917-жылдан кийин тез өнүгө баштаган. 1926-жылы революционер жана мамлекеттик ишмердин урматына Пишпек Фрунзе болуп өзгөртүлгөн. Совет мезгилинде Фрунзе союздаш болгон башка борборлордой эле өнүккөн. Шаарды курууда Москва, Ленинград жана башка шаарлардан келген архитектор жана инжеренерлер катышкан. Ошол аралык ичинде Фрунзенин аймагында бир катар имараттардын саны көбөйгөн – билим берүү, театр, музей, филармония, ЦУМ”,-деп билдирди тарыхчы.

Ивасенко билдиргендей, “1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, борборду Бишкек деп аташкан. Борбордун аталышы өзгөртүлгөндүгүнө анча деле көп убакыт боло электигине карабастан эмне үчүн Бишкек деп аталып калгандыгы тууралуу эч ким так айта албайт. Айрым булактар билдиргендей, калаа кымызды байыркы ыкма менен даярдай турган атайын жыгач кашыктын атыш дешет – байыркы көчмөн кыргыздардын символу. Башка булактар болсо калаа “Манасдын” тайманбас, күчтүү, эрктүү аскерлеринин биринин ысымы деп айтып келишет”.

Географиялык өзгөчөлүктөрү

Бишкек Кыргызстандын батыш жагындагы Чүй облусунда орун алган. Бишкек аркылуу 2 дарыя агып өтөт – Аламедин жана Ала-Арча, алар түштүк тоолордон түшөт. Чүй облусунун бардык аймагында тактап айтканда чыгыштан батышты карай Чоң Чүй каналы жайгашкан. Ал шаардык түндүк тарабы аркылуу өтөт.

Архитектура

Ивасенко билдиргендей, “шаар ортогоналдуу түзүлүшкө ээ. Бул деген көчөлөр тоонун таза абасы менен жакшы желдеп турат дегенди түшүндүрөт. Бардыгы болуп Бишкекте дээрлик 938 көчө бар жана булардын саны дайым өсүп турат.

Маданий борбор

Калаада ондон ашуун театр бар, алардын арасында өз көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүгүнө айлангандары да бар. Бул Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театры, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры жага Кыргыз Улуттук академиялык театры. Калаанын борборунда орун алган Мамлекеттик цирк, анын жанында Жеңиш аянты. Кыргыз улуттук мамлекеттик филармониянын жанында “Жаштар Аллеясы” жана Кыргыз Улуттук Ж.Баласагын атындагы унверситети бар.

Конфессионалдуу Бишкек

Любовь Ивасенко айткандай, “Бишкекте улуттардын көпчүгү андагы ар кандай маданий курулуштардын көпчүгү менен түшүндүрүлөт. Православ Бишкектиктер Праволав-христиан жана Владимир чиркөөсүнө барышат. Мусулмандар ар жума күндөрү калаанын борбордук мечитине барып турушат.

Жашыл шаар

Бишкек КМШ өлкөлөрүндөгү жашыл шаарлардан болуп саналат. Бул жерде ар бир жашоочуга бирден дарак деп эсептелинет. Бишкекте ар кандай оюн-зоок жайлары жайгашкан эс алуучу жерлер көп. Ошондой эле спорттук курулуштар да бар. Бишкектеги эң ирилеринин ичинде Кабал уулу Кожомкул атындагы спорт сарайын, “Спартак” стадионун, “Улуттук ат майдан” жана ат спорту боюнча спорттук мектепти көрсөтүүгө болот. Шаарда дээрлик 30га жакын фитнес-клубдар жана машыктыруучу залдар бар.

Чыгыш шаары

Чыгыш өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда бар базарлардын саны көп. Ал Кыргызстандын чекене соодасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бишкекте күнүнө миңге жакын адам барган “Ош”, “Аламедин” жана “Орто-Сай” базарлары бар. Бул жерде азык-түлүк, кийим-кече, үй-тиричилик жабыдактарын жана үйгө керектүү буюмдарды сатып алууга болот.

Заманбаптуулук

Акыркы бир нече жылдын ичинде Бишкек эл аралык талаптарга жооп берген, бассейн, сулуулук салондордор бар замандап мейманканалар пайда боло баштады.

Калаада шаардык транспорт системасы жакшы өнүккөн. Күнү-түнү иштей турган дээрлик 20га жакын такси кызматтары бар. Шаарда биринчи жерден экинчи жерге баруу үчүн маршруттук такси колдонулат. Андан тышкары автобус троллейбустар каттайт.

“Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийин Бишкек көптөгөн өзгөрүүлөрдү баштан өткөрдү. Жыл сайын шаардын сырткы келбети өзгөрүп келет. Албетте, жакыш жакка экендигин моюнга алуу керек. Борбор калаада замандап турак үйлөр курулууда. Көптөгөн заманбап имараттар, ири соода-борборлору салынууда. Бишкек Совет доорундагы өзгөсөлүктөрдү сактоо менен катар жашарып келатат”,-деди тарыхчы Любовь Ивасенк

Бүгүн Кыргызстандын борборуна 140 жыл толот. Бул шаар үчүн салыштырмалуу жаш курак. Борбордук Азияда мындан да улуу шаарлар бар. Бирок биздин шаар өсүүдө, өнүгүүдө. Бул шаар көпчүлүк элдер үчүн өз үйүндө боло алды. Кыргызстандын борбору жыл өткөн сайын мындан да мыкты болот деген ишеним бар. Бул үчүн биз бардыгыбыз өз күчүбүздү жана чыгармачылыгызбы жумшай алабыз.

Бишкек, биздин куттуктоолорду кабыл ал!

Антон Кубицкий

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий