COVID-19 аты берилген жаңы вирус бүтүндөй дүйнө экономикасын оор кырдаалга туш кылат деп эч ким ойлогон эмес. Дүйнө коомчулугу үчүн мүшкүл жараткан кырдаалдан чыгуунун жолу күч-аракеттерди бириктирүү болууда. Мындан улам бардык мамлекеттер азыркы кризистен чыгуунун жолун табышы керек.
Коронавирус пандемиясы башка мамлекеттер менен катар эле Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн экономикасына оор залал тийгизиши мүмкүн. Буга байланыштуу учурдагы кырдаалдан чыгуунун жолун бирге издөө зарыл.
Бул аптада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны болуп өттү.
Саясий серепчи Евгений Донченконун айтымында, COVID-19 пандемиясы учурунда бардык аянтчаларда диалог жүргүзүп, мурда көп өлкөлөр туш болбогон олуттуу көйгөйлөрдү бирге чечүү керек.
"Дүйнөлүк экономика оор абалда турат. Көп өлкөлөр кыйын жагдайга туш болду. Азыркы мезгилде экономикалык механизмдердин мындан аркы өнүгүү багыты аныкталат. Айтайын дегеним, экономика дүйнөлүк масштабда олуттуу түрдө өзгөрүшү мүмкүн. Балким көп багыттар, экономикалык процесстер өзгөргөнүн көрөрбүз. Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдында орчундуу маселе турат, тагыраагы өзгөрүүлөрдүн четте турбашы керек. Ошондуктан ТМКК кезексиз отуруму өз учурунда өтүп жатат. Байланышта болуп, алдыда турган көйгөйлөрдү ачык айтуу керек. Муну менен биз кризистен чыга турган жолду таба алабыз", - дейт ал.
10-апрелде болгон Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди.
Ал чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгендигин билдирди.
"Чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Болжол менен биздин бюджеттин киреше бөлүгү бул илдеттин кесепеттеринен 20 пайызга азайышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуштайм. Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл. Жүк ташуучу транспорттордун чек аралар аркылуу өтүүсү жана жаралган көйгөйлөр боюнча ыкчам маалыматтар менен алмашуу алгоритмин бекитүү керек", - деди ал.
Жээнбеков уюмга мүчө мамлекеттеринин арасында жогоруда аталган товарларды экспорттоодо бааны төмөндөтүү, аларды жеткирүүдөгү административдик жана бажылык алымдарды жеңилдетүү механизмдерин иштеп чыгуу керектигин белгилеген.
"Президент Жээнбеков бир гана күч-аракетти бириктирүүгө эле чакырбастан, оор кырдаалдын күчөшүн болтурбоо боюнча сунуштарды айтты. Менимче COVID-19 жайылып жаткан учурда чоң кедергилерди жаратпоо керек. Андай кедергилерди алып салуу убактысы келди. Адамзаты ашыкча тоскоолдуктар кошумча көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин эстен чыгарбашы зарыл. Кыргызстанды президенти ушул маселелерге көңүл бурду", - дейт ал.
Отурумда Жээнбеков Түрк кеңешинин катчылыгына бирдиктүү онлайн платформа түзүү тапшырмасын берүү туура экенин айткан.
"Бул платформанын алкагында ар кандай кооптуу оорулар менен күрөшүү максатында бирдиктүү дары-дармектердин виртуалдык базасын түзүү сунушталат. Онлайн платформа биздин мамлекеттерден келген жарандарды текшерүүнү, илдетке чалдыккандарды жана алар менен байланышкан адамдарды өз убагында аныктоону тездетет. Мамлекеттерибиздин ортосунда коронавируска каршы күрөшүү тажрыйбалары менен маалымат алмашуу жана чогуу аракеттенүү максатында саламаттыкты сактоо министрлеринин видео-конференциясын уюштурууга негиз болот", - деди ал.
Мындан сырткары, азыркы күндө Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн көптөгөн жарандары коронавируска тиешелүү киргизилген чектөөлөрдөн улам өз мекендерине кайта албай, башка өлкөлөрдө калгандыгын кошумчалаган.
"Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн биздин көптөгөн жарандарыбыз бул илдеттин кесепеттеринен улам жумушун жоготуу коркунучу астында турат. Ушуга байланыштуу, Сиздерге оор абалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранам. Өз кезегинде, Кыргызстан өзүнүн аймагында жардамга муктаж мүчө мамлекеттердин жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирем", - деди ал
Ал кыргыз тараптын сунуштары колдоо табарына ишенерин айтып өттү. Жээнбеков кошумчалагандай, уюмдун дарамети натыйжалуу пайдаланылса, кеңештин мүчө өлкөлөрүндө алдыда турган кыйынчылыктардан бирге өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ал Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттеринин башчылары бири-бирин колдоо жана биргелешкен аракеттер менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ийгиликке тез жетишерин белгилеген.
"ТМКК уюмунун потенциалы 20%га да ачылбаганын айтып кетүү керек. Дүйнөнүн эл аралык картасында олуттуу маселелерди, анын ичинде кризистик кырдаалда чече ала турган аянтча түзүү зарыл", - дейт Донченко.
Жээнбеков Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттери – Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын жетекчилигине учурдагы кырдаалда колдоо көрсөтүп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирген. Ал коронавирустун дүйнө жүзүнө жайылышы жана бул кырдаалдын созулушу – көп тобокелдиктерди жаратып жатканын кошумчалады.
"Бүгүн социалдык, соода-экономикалык жана миграциялык багыттагы көп көйгөйлөргө дуушар болдук. Биздин өлкөлөрдө илдеттин мындан ары жайылышын токтотуу үчүн чогуу жасай турган иш-аракеттер зарыл болууда. Ушул оор мезгилде бирге иш алып барып, тыгыз кызматташуубуз абдан маанилүү. Кыргыз элинде "Чогуу көтөргөн жүк –жеңил болот" деген сөз бар", - деп сөзүн жыйынтыктаган Жээнбеков.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезексиз жыйыны мындан аркы тыгыз жана натыйжалуу кызматташтыкка түрткү болот деп үмүт кылалы.
Пикир
Оставить комментарий