• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

«Кабардын» журналисттери Могилев шаарында Беларустун Эл сүрөтчүсү Павел Маслениковдун чыгармачылыгы менен таанышты

Маданият 0

Могилев, 08.08.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин журналисттери Беларустун Могилев шаарында Беларустун Эл сүрөтчүсү Павел Маслениковдун чыгармачылыгы менен таанышып кайтты.

Кабарчылар атактуу сүрөтчүнүн облустук көркөм-сүрөт музейинде жайгашкан картиналар галереясында болду.

Музейдин администрациясынан билдиришкендей, Эл сүрөтчүсү Маслениковдун биринчи автордук галереясы анын көзү тирүү кезинде 1994-жылдын 28-июнунда ачылган.

Экспозицияда сүрөтчүнүн мыкты сүрөттөрү, автордун колунан жаралган театралдык кийимдердин эскиздери, ошондой эле анын жеке буюмдары коюлган.

Залкар сүрөтчүнүн колунан жаралган чыгармаларда Беларустун мелмилдеген көгүлтүр көлдөрү, көз жоосун алган мейкин талаалары, токойлору чагылдырылган.

Ошондой эле журналисттерге банктан мураска калган сейф-бөлмөдө жайгашкан «Кресттин сыры» голографиялык экспозициясы көрсөтүлдү.

Экспозицияда 12-кылымдагы белорустардын башкы ыйыгы Евфросиния Полоцкая крестинин голографиялык сүрөтү чагылдырылган. Кресттин түп нускасы мурда аталган жерде сакталып келген, бирок Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жоголуп кеткен. Бирок, беларустар ушул убакка чейин ыйык кресттин табылышына үмүт артып келет.

Пикир

Оставить комментарий