• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кадамжай районунда чакан ГЭС курулат

Экономика 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргыз-Россия өнүгүү фонду Баткен облусунун Кадамжай районундагы 600 кВт кубаттуулуктагы Базарбай Ата-З кичи ГЭСинин курулушуна инвестиция кылат. Бул тууралуу Кыргыз-Россия өнүгүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун баасы 40,1 миллион сомду түзөт. Бул сумманын жарымынан көбү — 22 миллион сом Кыргыз-Россия өнүгүү фонду тарабынан бөлүнгөн.

Аталган фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, Баткен облусу боюнча фонд аркылуу жети ири долбоор ишке ашырылууда, анын ичинде Кадамжай районунун Халмион айылындагы газобетон заводунун жана мектептин курулушу.

"Бүгүн биз дагы бир келишимге кол коюп жатабыз, бул жолу кичи ГЭСти куруу боюнча. Ал бүтсө жергиликтүү тургундар электр энергиясынын жетишсиздигин түбөлүккө унутат деп ишенем", - деди Новиков.

Долбоордук документацияга ылайык, "Базарбай Ата-З" кичи ГЭСи ишке киргенден кийин жылына электр энергиясын өндүрүү 5,2 млн кВт/саатты түзөт. Муну менен ага жакын жайгашкан Марказ жана Сары-Алтын айылдарынын, ошондой эле Кадамжай районунун айрым бөлүктөрүнүн калкын электр энергиясы менен камсыздоо маселеси чечилет.

Пикир

Оставить комментарий