Кадамжай сурьма комбинаты иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Кадамжай сурьма комбинатындагы иштин жүрүшүнөн КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кабар алып, инвесторлор менен жолукту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Заводдо учурда эки компания иштеп жатат. Бирөөсү мурдакы калдыктарды кайра иштетсе, экинчиси Ош облусунун Алай районунан сырьену ташып келип, сурьма өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатышат.

Кадамжай сурьма комбинаты Кытай Республикасынын Чжунтен тоо кен өндүрүү компаниясы менен 2016-жылдын август айында, ал эми Ата-Мекендик ОСОО Сары-таш компаниясы менен 2017-жылдын 17-июлунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Мына ошол күндөн тарта Кытай инвесторлору заводдон буга чейин сурьма өндүрүүдөн чыккан, көп жылдан бери топтолуп жаткан калдыкты кайра иштетип, сурьма өндүрүү аракетин көрө баштаган.

Учурда эки компания комбинаттын эки бөлүгүндө иштеп жатат. Жүк ташуучу оор техникалар алынып келинип, химиялык лаборотория, кичи завод куруу жумуштары дээрлик аяктап, керектүү тетиктер орнотулган.

Адистердин айтымында, бул жердеги калдыктын запасы 3 жылга жетет. Кытай технологиясынын жардамы менен кайра иштетип, сурьма өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Облус башчысы кайра иштетүүдөн чыгарылган калдыктарды зыянсыздандыруу жумуштарына күбө болду. Заводдон чыккан калдыктардын айлана чөйрөгө экологиялык жактан зыяны болбой тургандыгын адистер далилдеп беришти.

Кадамжай сурьма комбинатынынтышкы экономикалык байланыш жана материалдык тех камсыздоо бөлүмүнүн башчысыАрсланбек Маккамбаевдин маалыматында учурда сурьманын баасы дүйнөлүк рынокто 1тоннасы 7000миң доллар турат. Комбинат толук кандуу иштеп кетсе дагы жумуш орундары кеңейип, Баткен облусунун өнөр жайы, экономикасы өсмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий