Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборуна компьютердик томография орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборуна компьютердик томография орнотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, компьютердик томография аппараты Кытай компаниясынын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында орнотулду. Ага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кадамжай райондук акими Кутпидин Шакиров катышты. Заманбап медициналык аппараттын баасы 360 миң долларды түзөт.

"Компьютердик томография райондун жашоочулары үчүн зор жаңылык болуп эсептелет. Алыс жолго убакыт коротпостон, райондун борборунда томографияга текшерилүүгө шарт түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Медициналык аппаратты колдонуу жана диагностикалоо үчүн атайын адистер окутулуп жатат. Район башчысы аким К. Шакиров демилгени колдоорун айтып, элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү жакшырып жаткандыгын билдирди.

Кадамжай ЖДПБ 259 керебетке эсептелип, 13 бөлүм жана 5 филиал, 19 УДТ, 24 ФАПдан турат.

Министр Бейшеналиев менен район акими Шакиров медицина кызматкерлери менен тармактагы көйгөйлөрдү да талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий